Афганистандагы селде 90го жакын адам каза болду

Афганистандын  метеорология башкармалыгы өзгөчө чыгыш провинцияларын   жамгыр жана сел боюнча эскертүүдө.

1869042
Афганистандагы селде 90го жакын адам каза болду

Афганистандын чыгыш провинцияларында акыркы жумада болгон сел апаатынан 90го жакын адам каза болду.

Талибан убактылуу өкмөтүнүн табигый кырсыктарды башкаруу боюнча мамлекеттик министрлигинин басма сөз катчысы Мухаммед Несим Хаккани басма сөзгө жасаган билдирүүсүндө, Афганистандын чыгыш провинцияларында акыркы жумада болгон сел апаатынан 90го жакын адамдын каза болгондугун,  чыгышындагы 6 провинцияда акыркы жумада катуу суу ташкындары болгонун айтты.

Нангерхар, Пактия, Хост, Логар, Мейдан Вардак жана Перван аймактарында жааган жамгырда каза болгондордун болгонун айткан Хаккани акыркы бир жумада болгон селден улам эң аз 90 кишинин каза болгонун, дагы көп кишинин жараланганын белгиледи.

Жүздөгөн үй жана миңдеген гектардык эгин талаасынын да зыян тарткандыгын белгилеген Хаккани жабыр тарткандарга азык  - түлүк жана чатыр жардамы берилгендигин билдирди. 

Селден жабыркагандар  сөз болуп жаткан жардамдын жетишсиз экенин айтышты.

Министрликтин маалыматына караганда, өлкө боюнча акыркы 4 айда болгон селден улам 200дөн ашуун адам каза болду.

Афганистандын  метеорология башкармалыгы өзгөчө чыгыш провинцияларын   жамгыр жана сел боюнча эскертүүдө. 

 

 



Тектеш кабарлар