Крымдагы кампанын "саботаждын" натыйжасында   жарылгандыгы билдирилди

Окуяда 2 кишинин жаракат алгандыгы билдирилди.

1868676
Крымдагы кампанын "саботаждын" натыйжасында   жарылгандыгы билдирилди

Россия мыйзам тышы аннексиялаган Крымдын Жанкөй аймагындагы аскердик кампанын "саботаждын" натыйжасында   жарылгандыгы билдирилди. 

Россиянын Коргоо министрлигинен берилген маалыматта : "Жанкөй отурукташуу пунктунун жакындарындагы аскердик кампа саботаждын натыйжасында зыян тартты. Окуяда жарандык инфраструктура, электр станциясы, темир жолдору жана жарандар жашаган үйлөр зыян тартты",- деп билдирилди.  

Билдирүүдө саботаждын кесепеттерин жоюу үчүн зарыл чаралардын көрүлгөнү, окуяда 2 кишинин жаракат алгандыгы билдирилди. 

Министрликтен Крымдын Жанкөй аймагындагы Майское айылынын жакындарындагы бир аскердик бөлүккө таандык ок  - дарылар убактылуу кармалган аянтта чыккан өрттүн натыйжасында ок  - дарылардын жарылгандыгы маалымдалган.

 

 



Тектеш кабарлар