Гималайда 38 жыл мурун кар көчкү алдында калган жоокердин сөөгү табылды

Жоокердин өздүгү анын төш белгисиндеги номерден аныкталган.

1868365
Гималайда 38 жыл мурун кар көчкү алдында калган жоокердин сөөгү табылды

Гималайдагы Сиачен мөңгүсүнүн аймагында күзөттө жүрүп кар көчкү астында калган жоокердин сөөгү 38 жылдан кийин табылды.

Уттаракханд аймагынын жогорку даражалуу жетекчиси Маниш Кумар, 38 жыл мурун жоголгон Чандрашехар Харболанын сөөгүнүн калдыктарынын табылганын жана кичи мекенине жеткириле турганын билдирди.

Маниш Кумар, каза болгон кишинин өздүгүнүн анын төш белгисиндеги номерден аныкталганын айтты.

Чандрашехар Харбола 1984-жылы Сиачен мөңгүсүндө патрулдук операция учурунда кар көчкү алдында калып дайынсыз жоголгон болчу.



Тектеш кабарлар