Юрий Васков: "Дагы 10 кемеге эгин жүктөө пландалууда"
Юрий Васков маалымат берди.
1868008
Украинанын инфраструктура министринин орун басары Юрий Васков, дан азыктарынын айдын аягына чейин кеминде дагы 10 кемеге жүктөлүшү пландалып жатканын билдирди.
Юрий Васков 14-август күнү кечинде Одесса портуна кирген «Сара» кемесине 8 миң тонна жүгөрү, «Эфе» кемесине болсо 7 миң 500 тонна май жүктөлө турганын маалымдады.
Учурда Украина портторунда жалпы 6 кемеге жүктөлгөндүгүн белгилеген Васков: "Дан коридору ишке кирген эки жуманын ичинде 16 кеме Украинанын портторунан жарым миллион тоннага жакын украин данын 9 өлкөгө жеткирүү үчүн жөнөп кетти",-деди.
Васков кошумчалагандай, айдын аягына чейин кеминде дагы 10 кемеге дан азыктарынын жүктөлүшү пландалууда.