Сауд Арабиядан умра чечими

Сауд Арабия туризм жана зыярат үчүн баргандардын умра кыла ала тургандарын жарыялады.

1867458
Сауд Арабиядан умра чечими

Сауд Арабия туризм жана зыярат үчүн баргандардын умра кыла ала тургандарын жарыялады.

Сауд Арабиянын ажылык жана умра министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматында чечимдин "Сауд Арабиянын 2030 көз караш максаттарына ылайык бул жылкы умра сезонунун башталышы менен бирге умра зыяраттарын ишке ашыруу үчүн келгендердин иштерин жеңилдетүү алканына алынгандыгы" белгиленди. 

Маалыматта бул чечимдин бардык тейлөөлөрдүн жогорку сапатта болушу, умрага баргандардын маданий жана диний тажрыйбасын байытуу иштеринин бир бөлүгү экендиги билдирилди. 

Сауд Арабиянын каалаган аэропортунан виза ала алган мамлекеттердин жарандары, ошондой эле Америка Кошмо Штаттарынан (АКШ, Англия жана Шенген визасынын ээлери) паспортунда кирүү мөөрү бар жарандардын бир жолкуга таандык жеңилдик менен умра зыяраттарын оңой аткара ала турганы айтылды.

Билдирүүдө ошондой эле үй-бүлөлүк жана жеке зыярат үчүн визасы барлар Сауд Арабиядагы туугандарына жана досторуна зыярат кылуу учурунда «Умра» арызы аркылуу алдын ала жазылуу жана бирдиктүү улуттук виза платформасына кайрыла ала тургандыгы айтылды.

 



Тектеш кабарлар