Сергей Лавров Пелосинин Тайвань сапары тууралуу билдирди

Мьянмага барган Лавров мьянмалык кесиптеши Вунна Маунг Лвин менен жолугушкандан кийин маалымат жыйын өткөрдү.

1863327
Сергей Лавров Пелосинин Тайвань сапары тууралуу билдирди

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШ Конгрессинин  Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин Тайванга болгон сапарына байланыштуу : "Бул  бардыгына бардык нерсенин жазасыз калгандыгын далилдөө жана бардык нерсенин жасала аларын  көрсөтүүнү каалоо",- деди.

Мьянмага барган Лавров мьянмалык кесиптеши Вунна Маунг Лвин менен жолугушкандан кийин маалымат жыйын өткөрдү.

Лавров Пелосинин Тайванга сапары тууралуу төмөнкүлөрдү белгиледи: «Бул АКШнын баарына бардык нерсенин жазасыз калгандыгын далилдөө жана бардык нерсенин жасала аларын көрсөтүү каалоосу. Эмнени кааласам жасай аламын деген логика. Мунун Кытай үчүн эмне деген мааниге келгендигин абдан жакшы билип туруп, жөндөн жөн провокация жаратуу үчүн башка бир себеп көрбөй элемин».

Ошол эле учурда Россия жана АКШнын ортосунда кол коюлган Жаңы стратегиялык куралдардын азайтылышы келишиминин узартылышы тууралуу токтолгон орус министр : «Сүйлөшүү процессинин  кайрадан баштатылышы тууралуу эч кандай талап келген жок»,- деди.



Тектеш кабарлар