АКШ Сауд Арабияга жана БАЭге курал сатууда

Пентагондун Коргонуу Коопсуздук жана Кызматташтык Агенттиги билдирүү жасады.

1863162
АКШ Сауд Арабияга жана БАЭге курал сатууда

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Мамлекеттик департаменти Сауд Арабия жана Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) жалпы баасы 5 миллиард доллардан ашкан курал сатууга уруксат бергенин билдирди.

Министрлик, курал сатуу келишиминин алкагында Сауд Арабиянын 3,05 миллиард долларлык Patriot ракеталарын сатып ала турганын жарыялады.

Ушул алкакта БАЭге 2 миллиард 250 миллион долларга жогорку бийиктикке жетүүчү абадан коргонуу (THAAD) ракета системасы сатылат.

Пентагондун Коргонуу Коопсуздук жана Кызматташтык Агенттигинин (DSCA) билдиргенине караганда, Сауд Арабия аталган курал сатуу келишиминин негизинде 300 Патриот ракетасын инвентаризациясына кошот.

Келишимге ылайык, БАЭ да 2 даана THAAD учуруу станциясын, 2 даана THAAD тактикалык операция станциясын жана 96 ракета сатып алат.

5 миллиард доллардан ашкан жогоруда айтылган курал-жарак сатуу келишимдеринин АКШнын Иран менен өзөктүк келишим боюнча сүйлөшүүлөргө кайтуу сигналдарынан кийин жарыяланышы көңүлдөрдү бурууда.

АКШ мурнку президент Дональд Трамптын тушунда Ирандын өзөктүк куралды жайылтпоо келишиминен (JCPOA) чыгып кетсе, азыркы президент Жо Байдендин администрациясы бул келишимге кайтуу үчүн Иран менен сүйлөшүүлөрдү улантууну жактайт.



Тектеш кабарлар