Угандада болгон сел жана жер көчкү

Угандада нөшөрлөп жааган жамгырдан улам болгон сел жана жер көчкүдөн каза болгондордун саны 24кө жетти.

1862525
Угандада болгон сел жана жер көчкү

Угандада нөшөрлөп жааган жамгырдан улам болгон сел жана жер көчкүдөн каза болгондордун саны 24кө жетти.

Угандадагы Кызыл Кресттин билдирүүсүндө өлкөнүн чыгышындагы 2 аймакта дагы 14 кишинин сөөгү табылганы белгиленди.

Билдирүүдө Мбале районундагы Набионга дарыясынан 11 жана Капчорва районунда дагы 3 кишинин денесинин табылышы менен каза болгондордун саны 24кө жеткени билдирилди.

Жардам, апаат жана качкындар министри Эстер Анякун Давиниа, Мбале жана Капчорва аймактарында сел жана жер көчкүдөн 10 кишинин каза болгонун, 12 кишини издөө - куткаруу иштеринин уланып жатканын айтты.

Давиниа өрөөндөрдө жана жер көчкү коркунучу бар аймактарда жашаган адамдарды үйлөрүн таштап чыгуулары керектигин таалп кылган.

Кызыл Кресттин басма сөз катчысы Ритах Накасита да эки аймактагы 1152 үйдүн суу ташкынынан жабыркаганын, үй - бүлөлөр мектептерде жана өкмөттүк имараттарда кала баштаганын билдирди.



Тектеш кабарлар