Песков: «Эрдоган менен Путиндин жолугушуусунун күн тартиби абдан кызуу болот»

Орусиянын Президенттик сарайынын (Кремль) басма сөз катчысы Дмитрий Песков, борбор шаар Москвада күн тартибине байланыштуу журналисттерге баа берүүлөрдү жасады.

1862780
Песков: «Эрдоган менен Путиндин жолугушуусунун күн тартиби абдан кызуу болот»

Орусиянын Президенттик сарайынын (Кремль) басма сөз катчысы Дмитрий Песков, президент Режеп Таййип Эрдоган менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин Сочиде 5-августта боло турган жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты талкуулай турганын айтты.

Песков борбор шаар Москвада күн тартибине байланыштуу журналисттерге баа берүүлөрдү жасады.

Эрдоган менен Путиндин 5-августта боло турган жолугушуусуна баа берген Песков эки лидердин экономикадан аймактык темаларга чейин көп теманы сүйлөшө турганын белгилеп: «Ошондой эле жолугушуу Сирия жана Украина маселелери, эгин ташуу механизминин натыйжалуулугу боюнча актуалдуу маалымат алмашуу жана эл аралык мамилелер боюнча пикир алмашуу үчүн жакшы мүмкүнчүлүк болуп саналат»,-деп айтты.

Песков жолугушуунун күн тартиби абдан кызуу болорун белгиледи.

Кремлдин басма сөз катчысы, Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин мүмкүн болуучу Тайванга сапарына да токтолуп, мунун аймактагы чыңалууну арттырганын белгиледи.

Песков:«(Пелосинин Азияга сапары) Бул гастролго жана Тайванга мүмкүн болуучу иш сапарга байланыштуу нерселердин баары провокация болуп саналат. Бул кырдаалды козгогону менен, чыңалуунун күчөшүнө алып келет»,-деди.

Песков Орусиянын Кытай менен болгон окуяларга байланыштуу толук тилектеш экенин баса белгилеп:«Албетте, биз дагы бир жолу Кытай менен толук тилектешпиз. Биз алардын бул маселе боюнча өтө сезимтал мамилесин түшүнөбүз жана алар туура»,- деди.

АКШнын бул сезимталдыкты урматтоонун ордуна карама-каршы мамиле көрсөткөнүн белгилеген Песков: «Бул жакшы жышаан эмес. Бул жерде кайгыбызды гана билдире алабыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар