Орусия 39 британиялыкка санкция киргизди
Билдирүүдөн кийин санкциялык тизмеге кирген 39 адамдын аты-жөнү жарыяланды.
1862257
![Орусия 39 британиялыкка санкция киргизди](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/34e3/c0ec/3c15/62ce618c68030.jpg?time=1718878677)
Орусия британиялык 39 жаранга, анын ичинде Британиянын мурдагы премьер-министри Дэвид Кэмеронго өлкөгө кирүүгө тыюу салынганын билдирди.
Орусиянын Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта, Британиянын Орусиянын саясат, экономика жана медиа өкүлдөрүнө каршы санкция киргизгени эске салынды.
Ушул себептен улам Британиянын айрым саясатчылары, ишкерлери жана журналисттеринен турган 39 кишинин санкциялык тизмеге киргизилгени белгиленген билдирүүдө, аталган ысымдардын Орусияга кирүүсүнө тыюу салынганы айтылды.
Билдирүүдөн кийин санкциялык тизмеге кирген 39 адамдын аты-жөнү жарыяланды.
Тизмеде Британиянын мурдагы премьер-министри Дэвид Кэмерон да бар.