Песков эгин жүктөлгөн биринчи кеменин Одесса портунан чыгышын «оң» деп баалады

Орусиянын Президенттик сарайы Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков борбор шаар Москвада актуалдуу маселелер боюнча билдирүү жасады.

1862151
Песков эгин жүктөлгөн биринчи кеменин Одесса портунан чыгышын «оң» деп баалады

Орусиянын Президенттик сарайы Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков эгин жүктөлгөн биринчи коммерциялык кеменин Украинанын Одесса портунан чыгышын «оң» деп билдирди.

Песков борбор шаар Москвада актуалдуу маселелер боюнча билдирүү жасады.

Түркия, Украина, Орусия жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) ортосунда 22-июлда кол коюлган эгин ташуу келишиминин алкагында биринчи кеменин Украинанын Одесса портунан чыкканына көңүл бурган Песков: «Бул абдан, абдан позитивдүү. Бул Стамбулдагы сүйлөшүүлөрдө түзүлгөн келишимдердин аткарылышын текшерүү үчүн жакшы мүмкүнчүлүк. Келишимдердин бардык тараптар тарабынан аткарылып, натыйжалуу иштешине ишенебиз»,-деп өз баасын берди.

Орусиянын Коргоо министрлигинен темага байланыштуу берилген маалыматта Одесса портунан чыккан жүгөрү жүктөлгөн «Разони» аттуу Сьерра-Леоне желектүү кургак жүк ташуучу кеменин эртең Стамбулга келүүсү пландалганы белгиленди.

Билдирүүдө сөз болуп жаткан кеменин Кара деңиздин түндүк-батышындагы коридор аркылуу баратканы белгиленип,«Биринчи айыл чарба продукциясын ташыган кеменин жол тартуусуна байланыштуу гуманитардык жардам операциясы Стамбулдагы Биргелешкен координациялык борбордо орус офицерлеринин активдүү катышуусу менен пландалган»,деген маалыматтар камтылган.



Тектеш кабарлар