Калифорнияда токой өрттөрү

Сискиу аймагында 207 чарчы километр аянтка жайылган өрттүн кесепетинен 400гө жакын имараттын коркунучта экени жарыяланып, 500дөй үйгө эвакуациялоо буйругу чыгарылды.

1861972
Калифорнияда токой өрттөрү

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Калифорния штаты токой өрттөрү менен күрөшүүдө.

Калифорниядагы Кламат улуттук токоюнда таасирдүү болгон МакКинни өртү көзөмөлгө алына албай жатат.

АКШнын токой кызматынын басма сөз катчысы Адриен Фриман аймактагы кургакчылыкка көңүлдөрдү буруп, жалындын шамалдын таасири менен жайылып кетиши мүмкүн экенин айтты.

Сискиу аймагында 207 чарчы километр аянтка жайылган өрттүн кесепетинен 400гө жакын имараттын коркунучта экени жарыяланып, 500дөй үйгө эвакуациялоо буйругу чыгарылды.



Тектеш кабарлар