Россиянын Украинадагы максаттары

Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Дмитрий Полянский Москванын Украинанын чыгышын куткарууну максат кылган аймактан баш тартпай тургандыгын айтты.

1861488
Россиянын Украинадагы максаттары

Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Дмитрий Полянский Москванын Украинанын чыгышын куткарууну максат кылган аймактан баш тартпай тургандыгын, батыштык өлкөлөрдүн Украинага берген узун аралыктуу куралдардын бир гана «чагымчылдыктарды» күчөтөрүн айтты.

Дмитрий Полянский Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорк шаарындагы  штаб-квартирасында өткөн БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Украинадагы кырдаал боюнча сессиясында Украина аба күчтөрү өз өлкөсүндөгү жарандык объектилерди бутага алып, андан кийин аны орус бөлүктөрү тарабынан атылгандай сыяктуу  көрсөтүп чагымчылдыкка жол ачкандарын айтты. 

Полянский : «Орус куралдуу күчтөрү Луганск Эл Республикасынын жерлерин толугу менен куткарды. Донбасс калкы аймактын бардык жерлеринин көзөмөлүн кайрадан колго алат. Качан ишке ашары бир убакыт маселеси»,- деди.

Орус элчи : «АКШда жасалган жогорку тактыктагы артиллериялык ракета системасы бүгүн эрте сааттарда Донбасста Еленовкага жакын жердеги убактылуу кармоочу жайга келип түшүп 50дөн ашуун украиналык согуштук кылмышкерди өлтүрдү бирок бул коркутуу тактикасы бир гана украиналык аскерлерди багынууга үндөйт»,- деди.

Киевге  тапшырылган куралдарды жана Украина жерлеринде калган жалданма аскерлерди «мыйзамдуу аскердик буталар» катары атууну улантышарын айткан Полянский : «Украина режими батыштык машыктыруучулардын багыттоосу жана көзөмөлүндө колдонгон заманбап бир нече ракета аткычтарды ала баштаганына караганда   батыштык  мамлекеттер түздөн - түз кагылышууга кирген бир жерге  жакындап жатабыз",- деди.

Орус элчи батыштык мамлекеттерди  «Европанын так борборунда мыйзамсыз курал-жарак аткезчилиги боюнча аймактык борбор түзүү”  жана «эки жүздүүлүк» менен айыптап, Украинага жасалган курал жардамдарынын Россиянын буталарына жетишине  тоскоол боло албай  турганын айтты.

 



Тектеш кабарлар