Гитлердин сааты 1, 1 миллион долларга сатылды

Нацисттик лидер Адольф Гитлерге таандык экени болжолдонгон саат АКШда аукциондо 1,1 миллион долларга сатылды.

1861508
Гитлердин сааты 1, 1 миллион долларга сатылды

Нацисттик лидер Адольф Гитлерге таандык экени болжолдонгон саат АКШда аукциондо 1,1 миллион долларга сатылды.

Independent гезитинин кабарына караганда саат өлкөнүн Мэриленд штатындагы Чесапик шаарындагы «Александр» тарыхый аукцион үйүндө сатыкка чыгарылды.

1933 -  жылы Гитлерге туулган күнүнө белекке берилгендиги болжолдолгон саат аукциондо 1,1 миллион долларга сатылды. 

Аукцион үйүнүн маалыматы боюнча, француз аскерлери саатты 1945-жылы Гитлердин Бавария Альпыларындагы Бергхоф тоосунан «сувенир» катары сатып алышкан.

Үстүндө свастика жана  AH баш тамгалары жазылган сааттын Хубер бренди экендиги билдирилди. Бир тараптан аукциондон мурда еврей лидерлер аукцион үйүн айыпташты.

 

 



Тектеш кабарлар