Орусия дан келишими боюнча билдирүү жасады
Иван Нечаев борбор калаа Москвада онлайн маалымат жыйында актуалдуу маселелер боюнча билдирүү жасады.
![Орусия дан келишими боюнча билдирүү жасады](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/4ec0/be1d/cb96/62dfdbd726759.jpg?time=1718732793)
Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысынын орун басары Иван Нечаев, Стамбулда дан боюнча кол коюлган келишимдерди ишке ашыруу үчүн тараптардын керектүү механизмдердин үстүндө иштеп жатышканын билдирди.
Иван Нечаев борбор калаа Москвада онлайн маалымат жыйында актуалдуу маселелер боюнча билдирүү жасады.
Түркия, Орусия, Украина жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) ортосунда дан келишимдерине өткөн аптада Стамбулда кол коюлганын белгилеген Нечаев: «Келишимдердин иш жүзүндө аткарылышы тууралуу сөз кылуу эрте. Саналуу күндөр гана өттү. Тараптар макулдашуулардагы максаттарды ишке ашыруу үчүн бардык зарыл механизмдерди түзүп жатышат»,-деп айтты.
Нечаев келишимдердеги милдеттенмелерге бекем тургандыктарын жана бул келишимдердин натыйжалуу аткарылышын жактай тургандыктарын билдирип: «Берки өлкөлөрдүн, өзгөчө Батыш өлкөлөрүнүн конструктивдүү демилгелери, анын ичинде БУУнун чынчыл колдоосу жана эл аралык коомчулуктун абийирдүү мамилеси чоң мааниге ээ», - деди.
Тектеш кабарлар
![Газада 37 миң 372 адам каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/9ade/0a35/d862/66717173928b9.jpeg?time=1718732794)
Газада 37 миң 372 адам каза болду
Газа өкмөтүнүн медиа кеңсеси Газа тилкесиндеги ачкачылык кризисине байланыштуу маалымат берди.