Индияда бир шприц менен 30 окуучуга вакцина берилген

Оппозициядагы Конгресс партиясынан жетекчилер провинциянын саламаттыкты сактоо министринин кызматынан кетишин талап кылышты.

1860601
Индияда бир шприц менен 30 окуучуга вакцина берилген

Индиянын Мадхья - Прадеш провинциясында бир шприц менен 30 окуучуга Ковид-19 вакцинасын берген медициналык кызматкерге каршы тергөө иши  башталды. БиБСиде орун лаган кабарга караганда окуя Сагар районунда  окуучуларга  Ковид  - 19  вакцинасы берилген мектепте болду. 

Балдарын коштоп барган ата  - энелер медицина кызматкеринин вакцинациялоодо бир шприц  колдонгондугун  көрүп, абал тууралуу мектептин жетекчилерине кабарлашты. 

Вакцинаны сайган Житендра Рай аттуу медицина кызматкери саламаттыкты сактоо департаменти тарабынан  өзүнө бир гана шприц берилгендигин жана өзүнүн буйрукту аткаргандыгын айтты. 

Провинциянын саламаттыкты сактоо министрлиги окуя боюнча Райга ишинде шалаакылык кылды деген негиз менен доо ачып, вакцинациялоо үчүн каражаттар менен камсыз кылуу боюнча жооптуу жетекчи тууралуу да териштирүү ишин козгоду.  

Оппозициядагы Конгресс партиясынан жетекчилер провинциянын саламаттыкты сактоо министринин кызматынан кетишин талап кылышты. 

 

 



Тектеш кабарлар