Европадагы токой өрттөрү

Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдө жыл башынан 23-июлга чейин 1926 токой өртү катталды.

1860761
Европадагы токой өрттөрү

Европа Биримдигине (ЕБ) мүчө өлкөлөрдө жыл башынан берки токой өрттөрүнүн саны ошол эле мезгилдеги 15 жылдык орточо көрсөткүчтөн төрт эсе көп болгондугу билдирилди.

Коперник байкоо программасы тарабынан бөлүшүлгөн маалыматтарга караганда, Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдө жыл башынан 23-июлга чейин 1926 токой өртү катталды.

2006-жылдан 2021-жылга чейинки маалыматтар менен эсептелген жылдын тийиштүү мезгилиндеги өрттүн орточо саны 520 болду.

Европада быйыл рекорддук ысык толкун уланып жатканда, Испания, Италия, Португалия, Греция, Франция жана Германиядагы токой өрттөрүнөн улам миңдеген гектар аянт күлгө айланды.

Немис жетекчилери өрттүн көпчүлүгүнүн көзөмөлгө алынганын, 480 өрт өчүрүүчүнүн түндүк-чыгышта Бранденбург жана чыгышта Саксонияда күрөшүүнү улантып жатканын билдиришти.

Бир тараптан Британиянын Метеорология кызматынын билдирүүсүнө караганда, июль айы 1911-жылдан берки эң кургакчыл ай катары катталды жана күтүлгөн орточо жаан-чачындын 24 пайызы гана болду.



Тектеш кабарлар