Израилдик министр: "Орусия учактарыбызды атты"

Бенни Ганц Израилдин 13-телеканалы уюштурган конференцияда сөз сүйлөдү.

1859894
Израилдик министр: "Орусия учактарыбызды атты"

Израилдин коргоо министри Бенни Ганц Орусияга таандык ракеталардын эки ай мурда Сириядагы израилдик учактарды бутага алганын айтты.

Израилдин 13-телеканалы уюштурган конференцияда сөз сүйлөгөн Бенни Ганц: «Орусиялык S-300 ракеталары 2 ай мурда Сириядагы Израиль учактарын бутага алган»,- деди.

Окуянын бир гана жолу болгонун жана кол салуунун Израилдин Сирияга абадан кол салуусу учурунда ишке ашканын белгилеген Ганц тема боюнча кеңири маалымат берген жок.



Тектеш кабарлар