Испания чет элдиктер үчүн мыйзам долбоорун бекитти

Испанияда 500 миңдей адам бейформал түрдө иштешет.

1860316
Испания чет элдиктер үчүн мыйзам долбоорун бекитти

Испанияда өкмөттүн, чет элдиктердин өлкөдө мыйзамдуу иштешин жеңилдетүү үчүн миграция мыйзам долбоорун кабыл алганы кабарланды.

Миграция министри Хосе Луис Эскрива, реформанын негизинде өлкөдө эки же андан көп жыл жашаган чет элдиктердин мыйзамдуу эмгек рыногунда “көпүрө милдетин” аткараарын жана популярдуу кесиптерге байланыштуу окууга мүмкүнчүлүк берерин жарыялады.

Эскрива бул түзөтүүнүн мыйзамдуу, коопсуз жана уюшкан миграцияны өнүктүрүүгө багытталганын белгиледи.

Өлкөдө эки же андан көп жыл жашаган чет элдик жумушчулар талап кылынган тармактарда жумушка орношуу үчүн окууга жана убактылуу жашоого уруксат ала алышат.

Кошумчалай кетсек, эл аралык студенттер да Испанияда билимин аяктагандан кийин үч жыл күтпөстөн иштей башташат жана чет элдик студенттерге жумасына 30 саатка чейин иштөөгө уруксат берилет.

Аталган реформанын сезондук эмгек мигранттарын камтый турганы айтылганы менен, буга чейинки жол-жоболордун жай жана жетишсиз болгону ортого салынды.

Испанияда 500 миңдей адам бейформал түрдө иштешет.



Тектеш кабарлар