Йеменде мина жарылды: 2 бала каза болду
Бейдадагы Эз-Захир районунун айыл аймагында мина жарылганы белгиленди.
1860151
![Йеменде мина жарылды: 2 бала каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/413d/3547/c1b3/6263b23fdf358.jpg?time=1718819119)
Йемендин Эль-Бейда облусунда мина жарылып эки бала каза болду.
Өлкөдөгү жарандык коомдук уюм Мина обсерваториясынын билдирүүсүндө, Бейдадагы Эз-Захир районунун айыл аймагында минанын жарылганы белгиленди.
Билдирүүдө жарылуунун себебинен аймакта мал кайтарып жүргөн 2 баланын өмүрү кыйылганы, минанын коюлушу боюнча эч кимге айып тагылбаганы айтылды.