Владимир Зеленский дан экспортторун баштай тургандарын айтты

Зеленский : «Украина дандарынын порттордон чыгышына бөгөт койбогонубузду бүткүл дүйнөгө далилдөө үчүн дан экспортун баштайбыз»,- деди.

1859452
Владимир Зеленский  дан экспортторун баштай тургандарын айтты

Украинанын президенти Владимир Зеленский : «Украина дандарынын порттордон чыгышына бөгөт койбогонубузду бүткүл дүйнөгө далилдөө үчүн дан экспортун баштайбыз»,- деди.

Владимир Зеленский борбор шаар Киевге сапар менен келген Гуатемаланын мамлекет башчысы Алехандро Гиамматтей менен жолугушуусунан кийин өткөргөн биргелешкен маалымат жыйынында Украинанын айыл чарба продукцияларынын порттордон ташылышы боюнча баа берди.

Зеленский Украина данынын өткөрүлүшү тууралуу берилген суроого : «Украина дандарынын порттон чыгышына бөгөт койбогонубузду бүткүл дүйнөгө далилдөө үчүн дан экспортубузду баштайбыз»,- деди.

Украинанын порттор башкармалыгы деңиз жолу менен дан жана тийиштүү азык  - түлүк продукцияларынын экспортуна карата Одесса, Черноморск жана Южный портторунун кайрадан ишке кириши үчүн даярдыктар жана кайрылуулардын башталгандыгын билдирген.

Президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде 22 -  июлда Стамбулда Түркия, Россия, Украина жана БУУнун арасында «Дан жана тамак  - аштарды Украина портторунан коопсуз өткөрүү демилгесинин документине» кол коюлган.



Тектеш кабарлар