Европада газ керектөөнү кыскартуу

Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн энергетика министрлери Бельгиянын борбор шаары Брюсселде чогулуп, жаратылыш газынын чукул кырдаал планын талкуулашты.

1859610
Европада газ керектөөнү кыскартуу

Европа Биримдигине мүчө өлкөлөр, Орусиядан келүүчү газдын үзгүлтүккө учурашы ыктымалдыгын эске алуу менен жаратылыш газын керектөөсүн 15 пайызга кыскартууга макулдашты.

Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн энергетика министрлери Бельгиянын борбор шаары Брюсселде чогулуп, жаратылыш газынын чукул кырдаал планын талкуулашты.

Европа Биримдигинин Кезектешкен төрагалыгы, мүчө өлкөлөрдүн Евробиримдик комиссиясынын жаратылыш газын колдонууну 15 пайызга кыскартуу планын кабыл алгандарын жарыялады.

Евробиримдиктин төрагалыгы ЕБ комиссиясынын энергияны үнөмдөө максатында Орусиянын энергетика булактарына болгон көз карандылыгын азайтуу жана жаратылыш газын колдонууну 15 пайызга кыскартуу боюнча макулдашканын кабарлады. Бул мөөнөттө Кезектешкен төрагалыкты Чехия жүргүзүүдө.

Билдирүүдө: «Мүчө мамлекеттер, Евробиримдиктин энергия менен камсыздоо коопсуздугун жогорулатуу үчүн быйыл кыш мезгилинде жаратылыш газына болгон муктаждыгын ыктыярдуу түрдө 15 пайызга кыскартуу боюнча саясий келишимге жетишти»-деп айтылды.

Евробиримдиктин ичинде жаратылыш газынын коопсуздугу үчүн сигнализация системасын түзүү да каралып жатканына көңүл бурулуп, бул коңгуроодо газга болгон суроо-талапты азайтуунун милдеттүү болоору белгиленди.

Билдирүүдө газга болгон муктаждыктын азайышы, энергия булактарын тынымсыз курал катары колдонгон Орусиядан келген жаратылыш газынын мүмкүн болуучу кыскартууларына даярданууну максат кылганы маалымдалды.

Мүчө өлкөлөрдүн 2022-жылдын 1-августунан 2023-жылдын 31-мартына чейин жаратылыш газына болгон муктаждыктарын өздөрү тандай турган чаралар менен азайта турганына көңүл бурулуп, газга болгон суроо-талапты азайтуу максатында өлкөлөрдүн өзгөчө шарттарын чагылдыра турган кээ бир өзгөчөлүктөрдүн аныкталганы айтылды.



Тектеш кабарлар