Францияда кургакчылык, Венгрияда катуу ысык

Глобалдык жылуулуктун таасирлери уланып жатат.

1859444
Францияда кургакчылык, Венгрияда катуу ысык

Францияда кургакчылыктын күчөшүнөн улам 86 аймакта ичүүчү сууга чектөөлөр киргизилди.

Franceinfo агенттигинин кабарына караганда Экологиялык өткөөл министрлигинин Propluvia сайтында жарыяланган картада өлкөдөгү 95 аймактын 86сынын кургакчылыктан жапа чеккени белгиленди.

Боз, сары, кызгылт сары жана кызыл эскертүү деңгээлдерине жараша боёлгон картада өлкөнүн көпчүлүк бөлүгү сары жана кызгылт сары эскертүү деңгээлине кирди.

Картага ылайык, өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү Центр-Валь-де-Луар жана Пэйс-де-ла-Луар аймактары кургакчылыктан эң көп таасирленди.

Акыркы жылдардын эң ысык жайы болгон Венгрияда болсо абанын температурасы түнкүсүн рекорддук көрсөткүчкө жетип, 25,4 градустук жылуулукту көрсөттү.

Метеорология башкы башкармалыгынын билдирүүсүндө, бүгүнкү күнгө чейинки өлчөөлөрдө эң жогорку түнкү температуранын Сегед шаарында 1894-жылдын 24-июлунда 24,6 градус деп катталганы, кечээ болсо борбор шаар Будапештте абанын температурасы 25,4 градус цельсийге жеткени айтылды.

Бүгүнтөн тарта абанын температурасы төмөндөп, айрым аймактарда жаан жаашынын күтүлгөнү маалымдалган билдирүүдө, жакынкы күндөрү абанын температурасынын кайрадан жогорулай турганы кабарланды.



Тектеш кабарлар