Чехия Германия жана Словакиядан жардам сурады

Жекшемби күнү башталган жана алигече  көзөмөлгө алына албай  жаткан өрттүн кесепетинен ушул убакка чейин 30-35 гектар токой аянты күйүп, аймактагы эки калктуу конуш эвакуацияланды.

1859814
Чехия Германия жана Словакиядан жардам сурады

Чехиянын ички иштер министри Вит Ракусан  Чехия - Германия чек арасындагы Ческе Свикарско улуттук паркында чыккан өрттү өчүрүү үчүн Германия жана Словакиядан жардам сурашкандарын айтты.

Жекшемби күнү башталган жана алигече  көзөмөлгө алына албай  жаткан өрттүн кесепетинен ушул убакка чейин 30-35 гектар токой аянты күйүп, аймактагы эки калктуу конуш эвакуацияланды.

Ракусан билдирүүсүндө өзгөчө аскалуу аймактарда салттуу өрт өчүргүч унааларынын чектелген түрдө колдонулгандыгын, ошондуктан өрттү өчүрүү үчүн Германия жана Словакиядан өрт өчүргүч учак талап кылышкандарын белгиледи. 

Прагага барган Германиянын тышкы иштер министри Анналена Баербок берген маалыматында өрттүн түнкү сааттарда Германияга да өткөндүгүн, өрттүн өчүрүлүшү үчүн Борбордук Европада өрт өчүргүч учак жана тик учак тармагынын түзүлүшү керектигин айтты. 

 

 



Тектеш кабарлар