Starlink спутниктеринин саны 2 миң 957ге жетти

Космоско дагы 53 Starlink спутниги учурулду.

1858916
Starlink спутниктеринин саны 2 миң 957ге жетти

Космос технологиялары компаниясы SpaceX, Falcon 9 ракетасы менен дагы 53 Starlink спутнигин космоско учурду.

SpaceX АКШнын Улуттук авиация жана космос агенттиги (НАСА) тарабынан Флоридадагы Кеннеди космостук борборунда жайгашкан учуруу комплексинен учурулган Falcon 9 ракетасы менен космоско 53 Starlink спутнигин жөнөттү.

Ушундайча орбитага учурулган Starlink спутниктеринин саны 2 миң 957ге жетти.

Ийгиликтүү учурулгандан кийин Falcon 9 ракетасы Канаверал жээктеринде Атлантика океанындагы аянтка ийгиликтүү конду.

Бул учуруу SpaceXтин быйылкы 33чү жана июль айындагы 6-миссиясы болду.

Starlink долбоору менен SpaceX учурда 32 өлкөнү космостон интернет менен камсыз кылууда.

Кызматтын Түркияга болсо 2023-жылы келиши күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар