Си Цзиньпин Индиянын жаңы президенти Мурмуну куттуктады

Мурмуга жолдогон куттуктоосунда Си кошуна Кытай менен Индиянын ортосундагы мамиленин туруктуу болушунун эки өлкөнүн жана элдеринин кызыкчылыгына жооп берерин, аймактагы жана дүйнөдөгү тынчтык, стабилдүүлүк жана өнүгүүгө салым кошоорун айтты.

1859053
Си Цзиньпин Индиянын жаңы президенти Мурмуну куттуктады

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Индиянын жаңы президенти Драупади Мурмуну кызматка киришүүсү менен куттуктады.

Кытайдын Синьхуа агенттигинин кабарына караганда, Мурмуга жолдогон куттуктоосунда Си кошуна Кытай менен Индиянын ортосундагы мамиленин туруктуу болушунун эки өлкөнүн жана элдеринин кызыкчылыгына жооп берерин, аймактагы жана дүйнөдөгү тынчтык, стабилдүүлүк жана өнүгүүгө салым кошоорун айтты.

Кытай-Индия карым-катнаштарына чоң маани бергенин билдирген Си, Мурму менен биргеликте эки өлкөнүн ортосундагы саясий ишенимди өнүктүрүү, практикалык кызматташтыкты арттыруу жана пикир келишпестиктерди туура чечүү аркылуу эки тараптуу мамилелерди тийиштүү багытта илгерилетүүгө даяр экенин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар