Польша менен Германия Украинага танк жөнөтүштү
Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул баштаган болчу.
1859239
Польша менен Германиянын Украинага аскердик жардам катары убада кылган танктарды жөнөткөндөрү кабарланды.
Бул тууралуу Украина президентинин аппаратынын басма сөз катчысы Андрей Ермак билдирип: "Польшадан "ПТ-91 Тварди" танктары Украинага келди, досторубузга рахмат",-деди.
Өлкөнүн коргоо министри Алексей Резников болсо телеканалдын биринде, Германиядан 15 Гепард зениттик танк системасынын алгачкы үчөөсүнүн Украинага жеткенин маалымдады.
Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул баштаган болчу.