Орусиянын Украинадагы аскердик аракеттери

Игорь Конашенков Украинадагы согушта орусиялык аскер бөлүктөрүнүн ишмердүүлүгү тууралуу маалымат бөлүштү.

1859248
Орусиянын Украинадагы аскердик аракеттери

Орусиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков Украинада АКШ берген HIMARS артиллериялык ракета системасы үчүн керектүү ок-дарылар жайгашкан базаны жок кылганын билдирди.

Игорь Конашенков Украинадагы согушта орусиялык аскер бөлүктөрүнүн ишмердүүлүгү тууралуу маалымат бөлүштү.

Орус армиясынын Украинадагы аскерий элементтерге чабуулун улантып жатканын белгилеген Конашенков:«Хмельницкий областындагы Бохданивцы поселкасына жакын жерде HIMARS артиллериялык ракеталык системасы үчүн АКШ берген ок-дарылар жана «М777» гаубицасы үчүн замбирек октору турган өткөргүч база алыс аралыкка атуучу жогорку тактыктагы курал менен жок кылынды»,- деди.

Украин армиясынын саботаж тобунун Херсон аймагына жайгаштырууга аракет кылып жатканын белгилеген Конашенков сөз болгон топко сокку урулганы тууралуу маалымат менен бөлүштү.

Украина куралдуу күчтөрүнүн Донецк аймагындагы 95-аба чабуул бригадасынын убактылуу штабына жасалган чабуулунун натыйжасында 100дөн ашуун аскер жана чет элдик жалданмалардын таасирсиз абалга келгенин белгилеген Конашенков, акыркы 24 саатта Украина армиясынын 6 командалык жана байкоочу пункттары, 4  «С-300» абадан коргонуу системасынын ок-дары кампасы жана радары жок кылынганын белгиледи.

Игорь Конашенков Украина күчтөрүнө таандык 6 учкучсуз учуучу аппараттын акыркы 24 саатта атып түшүрүлгөнүн жана 6 көп стволдуу «Ураган» ракета аткычтары колго түшүрүлгөнүн белгилеп,«Ушул убакка дейре Украинага таандык 260 учак, 144 тик учак, 1611 учкучсуз учуучу аппарат, 357 абадан коргонуу ракеталык системасы, 4161 танк жана бронетехника, 763 көп стволдуу ракета аткычтар, 3198 гаубицалар жана минометтор, 4 459 жеке менчик аскердик техникалар жок кылынды»,-деп билдирди.



Тектеш кабарлар