Швеция ПКК жана башка террордук уюмдардын митингдерине тыюу салууну каалайт

SVD гезитинин кабарына караганда Эссен террордук уюмдардын Швецияда тыюу салынышы жана митинг өткөрүшүнүн кылмыш деп саналышы керектигин белгиледи.

1858315
Швеция ПКК жана башка террордук уюмдардын митингдерине тыюу салууну каалайт

Швециянын Чалгындоо уюмунун башчысы Шарлотта фон Эссен ПКК террордук уюму жана башка террордук уюмдардын өлкөдө митинг өткөрүүсүнө тыюу салууну каалагандарын билдирди. 

SVD гезитинин кабарына караганда Эссен террордук уюмдардын Швецияда тыюу салынышы жана митинг өткөрүшүнүн кылмыш деп саналышы керектигин белгиледи. 

Эссен ПКК жана башка террордук уюмдардын  бар болушу менен колдоочуларын кылмышка жетелеп жатканына ишенгендерин кошумчалады. Бир тараптан ПКК/ЙПГга колдоо бергендиктен НАТОго киришине каршы чыккан Швецияда уюмдун жактоочулары шаршемби күнү уруксатсыз митинг өткөрдү. 

Гётеборг шаар борборунда айрым түркүктөргө илинген жана террордук уюмдун символдору жетекчилердин кийлигишүүсү менен түшүрүлдү. 

 



Тектеш кабарлар