Россиянын Украинадагы аракеттери
Россиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков Америка Кошмо Штаттарынын ракета системасы ХИМАРСтын төртөөсүн атып түшүрүшкөнүн билдирди.
Россиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков Америка Кошмо Штаттарынын Украинага 15 күндө жөнөткөн жогорку тактыктагы артиллериялык ракета системасы ХИМАРСтын төртөөсүн атып түшүрүшкөнүн билдирди. Конашенов орус аскердик бөлүктөрүнүн Украинада согуштагы аракеттерине карата маалымат берди.
Украина армиясынын олуттуу курал жоготууга учураганын белгилеген Конашенков, 5-июлдан 20-июлга чейин Украинага жеткирилген АКШдан жасалган жогорку эффективдүү артиллериялык ракета системасы ХИМАРСтын 4 учуруу системасы жана транспорттук унаасынын жогорку соккулар менен жок кылынганын айтты.
Конашенков Малотарановкада эки учуруу системасын, Красноармейскада бир ракеталык система жана транспорттук унаанын, бир учуруу системасынын да Донецк облусундагы Константиновкада атылгандыгын белгиледи.
Кургактыктан атылган жогорку тактыктагы ракеталар менен бир улуттук топтун Краматорскта 23 номердеги мектептин имаратында убактылуу жайгашуу жерлерин атышкандарын айткан Конашенков бул кол салуунун натыйжасында 300дөн ашуун улуттук күчтүн жана 40тан ашуун аскердик техникалык каражаттын жок кылынгандыгын билдирди.
Орус учактарынын Украина армиясынын Николаевде бир өнөр жай аймагындагы ангарда 59 - мото аткычтар бөлүктөрүнүн ракета жана артиллериялык кампаны талкалагандыгын айткан Конашенков бул жерде 30дан ашуун Украина аскеринин өлтүрүлгөндүгүн белгиледи.
Орус абадан согушуу тактикалык бөлүктөрү менен артиллериялык жана ракеталык бөлүктөрдүн Харьков аймагындагы Роган, Донецктеги Серебянка жана Зайцево, Запорожье аймагындагы Вишневое жана Успеновкадагы аскердик буталарга сокку урганын белгилеген Конашенков, орус аба күчтөрүнүн Донецктеги Черевковка конушунун жанындагы Бук-М1 абадан коргонуу ракета системасына сокку урганын айтты.
Бир күндүн ичинде Украинага таандык 12 учкучсуз учуучу аба аппаратынын орус абадан коргоо системалары тарабынан атылгандыгын белгилеген Конашенков : "Ушул күнгө чейин Украинага таандык 260 учак, 144 тик учак, 1589 учкучсуз учуучу аппарат, 357 абадан коргонуу ракета системасы, 4 миң 141 тан жана бронетехника, 762 көп стволдуу ракета аткычтар, 3 миң 176 гаубицалар жана минометтор, 4 миң 453 атайын аскердик техникалар жардырылды",- деди.