Орусия Украинада орус паспортторун таратууда

Украинанын Мелитополь жана Херсон шаарларында орус паспорттору 11-июндан тарта таратыла баштады.

1858370
Орусия Украинада орус паспортторун таратууда

Президент Владимир Путиндин бардык украиналыктарга орус жарандыгын берүүнү жеңилдеткен жарлыкка кол коюусу менен Украинанын басылып алынган аймактарында орус жарандыгын алуу үчүн кайрылгандарга паспорт бериле баштады.

Украинанын Мелитополь жана Херсон шаарларында 11-июндан тарта орус паспорттору таратыла баштаган.

Орус басылмаларынын маалыматына караганда, Запорожье облусунда 70 миңден ашуун украиналык орус жарандыгын алуу үчүн арыз берди.

Путин 2019-жылы кол койгон жарлык менен Украинанын Донецк жана Луганск аймактарында жашагандардын орус жарандыгын алуусун шарттаган.

25-майда Украинанын Херсон жана Запорожье областтарында жашагандар да киргизилген.

Путин ошондой эле 11-июлда Украинанын бардык аймактарында орус жарандыгын алууну жеңилдетүү боюнча жарлыкка кол койгон болчу. 



Тектеш кабарлар