АКШ Түркиянын аракеттерин жогору баалайт

Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Нед Прайс күнүмдүк маалымат жыйында суроолорго жооп берди.

1857938
АКШ Түркиянын аракеттерин жогору баалайт

Америка Кошмо Штаттары (АКШ) Түркиянын жетекчилигинде кол коюла турган Украина данын ташуу келишимин кубаттагандарын, Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) менен Түркиянын аракеттерин жогору баалагандарын билдирди.

Күнүмдүк маалымат жыйында суроолорго жооп берген мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Нед Прайс, президент Режеп Таййип Эрдоган, Украина, Орусия жана БУУнун баш катчысы Антонио Гутерриштин катышуусунда Стамбулда өтө турган Дан ташуу келишимине кол коюу аземине байланыштуу: «Биз бул келишимди кубаттайбыз. БУУнун баш катчысынын эмгегин баалайбыз. Түрк өнөктөштөрүбүздүн ал жактагы күжүрмөн аракеттери мактоого арзырлык»,-деди.

Прайс бул бир гана АКШнын эмес, G-20 өлкөлөрү тарабынан колдоого алынган келишим экенин белгиледи.

Орусияны "азык-түлүк продукцияларын курал катары колдонууда" деп күнөөлөгөн Прайс, келишимдин аткарылышын чыдамсыздык менен күткөндөрүн, бирок данга блокада салганы үчүн Москва бийлигинин да айыпталышы керектигин белгиледи.



Тектеш кабарлар