"Түндүк агым- 1" куурунан Европага газ агымы башталды

Газ түтүктөрүн оңдоо иштери белгиленген мөөнөттө бүткөрүлдү.

1857670
"Түндүк агым- 1" куурунан Европага газ агымы башталды

Орус газын Германияга ташыган эң ири куур болгон "Түндүк Агым-1дин" 11-июлда башталган оңдоо иштери аяктап, жаратылыш газынын агымы калыбына келтирилди.

"Түндүк Агым-1" кууру Балтика деңизинин астынан Орусиядан Германияга жылына 55 миллиард кубометр газ ташыйт.

Рыноктор жана компаниялар 24-февралда башталган Орусия-Украина согушунан улам газ куурунун токтоп калуу мөөнөтү узартылышы мүмкүн деп чочулашкан.

Бирок газ түтүктөрүн оңдоо иштери белгиленген мөөнөттө бүткөрүлдү.

Бүгүн агымдын биринчи саатында системага 48 миллион кубометр жаратылыш газы берилди.

Суткасына 160 миллион кубометр кубаттуулуктагы түтүк, техникалык тейлөөгө чейин 60-65 миллион кубометр газды өткөрүп турган.

Бир тараптан "Түндүк Агым-1" куурунан газ агымынын башталышы менен жаратылыш газы да арзандай баштады.



Тектеш кабарлар