Глобалдык жакырчылык

Коллен Келапиле маалымат берди.

1857784
Глобалдык жакырчылык

Глобалдык жакырчылык жана ачарчылык менен күрөшүүдө ондогон жылдардан бери уланып келе жаткан прогресстин тескесине айланганы билдирилди.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Экономикалык жана Социалдык Кеңешинин (ECOSOC) төрагасы Коллен Келапиле, 2030-жылга чейин ашыкча жакырчылык менен ачарчылыкты жоюу сыяктуу БУУнун орчундуу өнүгүү максаттарын каржылоого, Орусияга каршы Украинаны аскердик жана каржылык жактан колдогон батыш өлкөлөрүнүн көңүл бурбай калышы мүмкүн деген кооптонуулардын күчөгөнүн айтты.

Өнүгүү, климат жана кагылышуу көйгөйлөрү бар аймактардын каржыланышы керектигин белгилеген Келапиле, бул маселелерге жетиштүү көңүл бурулбагандыгынын келечекте чоң чыгымга алып келиши мүмкүн экенин эскертти.

Коллен Келапиле коронавирус (Ковид-19) пандемиясы, климаттын өзгөрүшү жана Орусия-Украина согушунан улам глобалдык жакырчылык жана ачарчылык менен күрөшүүдө ондогон жылдар бою уланып келе жаткан прогресстин "болуп көрбөгөндөй тескерисине айланганын" кабарлады. 

Ковид-19 пандемиясы учурунда карызы көбөйгөн өлкөлөрдүн бар экенин эске салган Келапиле, бай өлкөлөрдүн жакыр өлкөлөрдүн карызынын көбөйүшүнө көңүл буруп жеңилдетүүлөрү керектигин билдирди.



Тектеш кабарлар