Путин Эрдоганга ыраазычылык билдирди
Владимир Путин президент Эрдоган менен Ирандын борбор шаары Тегеранда жолугушту.
Орусиянын президенти Владимир Путин президент Режеп Таййип Эрдоганга Кара деңиз аркылуу дан экспорттоо жана азык-түлүк көйгөйлөрү темасындагы ортомчулук аракеттеринен улам ыраазычылык билдирди.
Владимир Путин президент Эрдоган менен Астана форматындагы үч тараптуу саммиттин алкагында Ирандын борбор шаары Тегеранда жолугушту.
Жолугушуунун басма сөзгө ачык бөлүгүндө билдирүү жасаган Путин, Астана форматынын алкагындагы жолугушуу мүмкүнчүлүгүнө канааттанганын айтып, сүйлөшө турган көп маселелер бар экенин белгиледи.
Украина менен 24-февралда башталган согуштан улам пайда болгон дан маселесине токтолгон Путин: «Ортомчулук аракеттериңиз, азык-түлүк маселеси жана Кара деңиз аркылуу дан экспорттоо боюнча сүйлөшүүлөргө Түркияда аянтча түзүп бергениңиз үчүн ыраазычылык билдирем»,-деди.
Тектеш кабарлар
Газада менингит жана гепатит жайыла баштады
Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.