Украин данына байланыштуу сүйлөшүүлөр

Первый каналга маалымат берген Песков, Украинадан данды чыгаруу маселеси тууралуу билдирүү жасады.

1856895
Украин данына байланыштуу сүйлөшүүлөр

Орусиянын Президенттик сарайы Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков, Украинадан данды чыгаруу боюнча сүйлөшүүлөрдүн жакынкы келечекте улантылышын күтүшкөндөрүн айтты.

Мамлекеттик Первый телеканалына маалымат берген Песков, Украинадан данды чыгаруу маселесине байланыштуу билдирүү жасады.

Стамбулда өткөн аптада Түркия, Орусия, Украинанын аскердик делегациялары менен Бириккен Улуттар Уюмунун делегациясынын ортосунда Украина портторунан дандын чыгарылышын камсыз кылуу үчүн жыйын болгонун эске салган Песков: «Биз бул сүйлөшүүлөрдүн жакынкы келечекте уланышын күтөбүз», деди.

Орусиянын дүйнөдөгү азык-түлүк кризисинин чечилишине салым кошууга даяр экенин белгилеген Песков: «Бул кризистин себеби - Украинадагы абал жана украин даны эмес. Бул аз гана бөлүгү. Ошентсе да Орусия украин данынын дүйнөлүк рынокко чыгышы үчүн бардык демилгени көтөрүүгө даяр»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар