Иран менен Газпром меморандумга кол коюшту

Ирандын Улуттук мунай компаниясынын башкы директору Мухсин Хочестемехр бул меморандумду “өз өлкөсүнүн мунай тармагындагы эң ири чет элдик инвестициялык келишим” деп сыпаттады.

1856861
Иран менен Газпром меморандумга кол коюшту

Орус энергетикалык компаниясы Газпром Иран менен бул өлкөдөгү мунай жана жаратылыш газ кендерине 40 миллиард доллардык инвестицияны көздөгөн өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол койду.

Ирандын мамлекеттик телекөрсөтүүсү, келишимге Ирандын улуттук мунай компаниясы менен Орусиянын энергетикалык компаниясы Газпромдун жооптуулары тарабынан борбор шаар Тегеранда кол коюлганын жарыялады.

Ирандын Улуттук мунай компаниясынын башкы директору Мухсин Хочестемехр бул меморандумду “өз өлкөсүнүн мунай тармагындагы эң ири чет элдик инвестициялык келишим” деп сыпаттады.

«Улуттук мунай компаниясы менен Газпромдун ортосунда 40 миллиард долларлык инвестицияны көздөгөн меморандумга кол коюлду» деген Мухсин, ушул алкакта Газпромдун Ирандын Түндүк Парс жана Перс булуңундагы Киш аралына жакын жердеги газ кендерин иштетүү жана Ирандын суюлтулган жаратылыш газ (LNG) долбоорлорун бүтүрүү үчүн ондогон миллиард долларлык инвестиция сала турганын билдирди.



Тектеш кабарлар