Европадагы катуу ысыктын кесепетинен миңден ашуун адам каза болду

Европада ысыктан улам чыккан токой өртүндө 100 миң гектардан ашык аянт күйүп кетти.

1856691
Европадагы катуу ысыктын кесепетинен миңден ашуун адам каза болду
sıcak hava
yangın İspanya.JPG

Аптаптан улам Испания менен Португалияда каза болгондордун саны миңден ашты.

Европада ысыктан улам чыккан токой өртүндө 100 миң гектардан ашык аянт күйүп кетти.

Испания бийлиги өлкөдө катуу ысыктан улам 510 адам каза болгонун, ушул убакка чейин 70 миң гектардан ашуун жер күйүп кеткенин, бул акыркы 10 жылдагы эң жогорку көрсөткүч экенин билдирди.

Өткөн аптада Португалияда 47 градуска жеткен ысыктан 659 адам каза болду. Жаратылышты жана токой чарбасын коргоо институтунун маалыматы боюнча, быйыл Португалияда 39 миң 559 гектар жер күйгөн.

Франциянын Жирондо аймагында уланган токой өртүндө Ла Тесте-де-Бухта 6 миң 500 жана Ландираста 12 миң 800 болуп 20 миң гектарга жакын жашыл жана токой аянты күлгө айланды. Аймактан 36 миң 600 адам эвакуацияланды. Франциянын айрым аймактарында абанын температурасы 40 градустан жогору көтөрүлдү.

Европанын түштүгүндө башталып, түндүккө карай жылып кеткен ысык толкун Ирландия менен Англияга да таасирин тийгизди.

Ирландияда абанын температурасы 33,3 градуска чейин көтөрүлүшү менен акыркы 135 жылдагы эң жогорку аба температурасы катталды.

Англияда 16 жаштагы өспүрүм катуу ысыктан улам каза болду. Кечээ 38,1 деп эсептелген аба температурасы бүгүн биринчи жолу 40 градустан ашты, кээ бир каттамдар жана темир жол каттамдары токтотулду.

Германияда абанын температурасы 35 градуска чейин көтөрүлүп, кээ бир аймактарда 40 градуска чейин жетиши мүмкүн деп болжолдонууда.

Бельгиянын Королдук метеорология институтунун билдирүүсүндө бүгүн 40 градуска жеткен божомолдордон улам Батыш Фландрия жана Хайнаут шаарларында кызыл эскертүү берилгени жарыяланды.

Швейцария өкмөтү да өлкөнүн чоң бөлүгү олуттуу коркунучта экенин белгилеп, ысык толкуну боюнча эскертүү берди.

 



Тектеш кабарлар