Шойгудан армияга "Украина" буйругу

Орусиянын Коргоо министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, Шойгу Украинадагы согушка катышкан орусиялык "Чыгыш" аскер бөлүгүн текшерди.

1856254
Шойгудан армияга "Украина" буйругу

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу өлкөсүнүн "Чыгыш" аскер бөлүгүнө Украинанын алыс аралыкка атуучу куралдарын жогорку тактыктагы курал менен атууну тапшырды.

Орусиянын Коргоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, Шойгу Украинадагы согушка катышкан "Чыгыш" орус аскер бөлүгүн текшерди.

Шойгу бул бөлүктүн чабуул коюу мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүү керектигин баса белгилеп, бөлүктүн командирине Украина армиясынын алыс аралыкка жетүүчү ракета аткычтарын жана артиллериясын жогорку тактыктагы куралдар менен атууну тапшырды.

Министр Шойгу өткөн аптада Украинадагы согушка катышкан "Түштүк" жана "Борбордук" аскер бөлүктөрүн текшерип, келечекте аскердик аракеттерин күчөтүүнү тапшырган.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул баштаган болчу.



Тектеш кабарлар