Мексикада "Эстель" бороону боюнча эскертүү

Бороондун Тынч океандын жээктеринде бийиктиги 4 метрге жеткен толкундарды жаратаары болжолдонууда.

1856148
Мексикада "Эстель" бороону боюнча эскертүү

Мексиканын жээктерине "Эстель" бороону жакындап баратат.

Мексиканын Улуттук метеорология кызматынын билдирүүсүндө, «Эстель» бороон-чапкынынын өлкөнүн Тынч океан жээгиндеги 6 штатында нөшөрлөгөн жамгыр, катуу шамал, мөндүр жана чагылганга себеп боло турганы кабарланып, бороондун дарыялардын ташкынына, сел жана жер көчкүлөргө алып келиши мүмкүн экендиги белгиленди.

Улуттук метеорология кызматы "Эстель" бороонунун өлкөнүн башка аймактарында да катуу жамгыр жана абанын температурасынын төмөндөшүнө себеп болорун маалымдады.

Жетекчилер жарандарга ыктымалдуу кырсыктардан сак болууну эскертип, расмий билдирүүлөрдү аткарууну сунуштады.

Бороондун Тынч океандын жээктеринде бийиктиги 4 метрге жеткен толкундарды жаратаары болжолдонууда.



Тектеш кабарлар