Хорватияда күйдүргү дүрбөлөңү...

Айыл чарба министрлиги тараткан билдирүүдө бодо малдан жүргүзүлгөн анализдин жыйынтыгында күйдүргү табылганы тастыкталган.

1855812
Хорватияда күйдүргү дүрбөлөңү...

Хорватиянын борбору Загребдин түштүк-чыгышындагы жаратылыш паркында өлгөн 107 бодо малдан күйдүргү оорусу аныкталганы билдирилди.

Айыл чарба министрлиги тараткан билдирүүдө бодо малдан жүргүзүлгөн анализдин жыйынтыгында күйдүргү табылганы тастыкталган.

Хорват радио-телеберүүсүнүн (HRT) кабарына караганда, күйдүргү оорусуна шектелип 2си бала болгон 6 адам камакка алынды.

Коомдук саламаттыкты сактоо институтунун кызматкери Инослав Бркич кырдаал көзөмөлдө экенин жана дүрбөлөңгө орун жок экенин белгиледи.

Өлүмгө алып келүүчү күйдүргү оорусу чөп жеген жаныбарларда, өзгөчө кой, эчки жана бодо малда кездешет.

Сибирь жарасынын вирусу адамга ылаңдаган мал менен түздөн-түз байланышта болгондо жана ошондой эле таза эмес, жакшы бышырылбай жеген мал азыктарынан жугат.



Тектеш кабарлар