Грецияда коркунучтуу зат ташыган учак кулап түштү

Грециянын мамлекеттик АМНА агенттигинин кабарына караганда, учакта «коркунучтуу материал» болгон

1855824
Грецияда коркунучтуу зат ташыган учак кулап түштү

Грециянын Кавала шаарына караштуу Палеохори аймагында кырсыкка учураган жүк ташуучу учактагы 8 кишинин каза болгону маалымдалды.

Грециянын түндүгүндө украиналык компанияга таандык Антонов Ан-12 үлгүсүндөгү жүк ташуучу учак кулап түштү.

Грециянын мамлекеттик АМНА агенттигинин кабарына караганда, учакта «коркунучтуу материал» болгон. Ошондуктан, бийлик бардык өрт өчүргүчтөрдү жана биринчи жардам бригадаларын ишембиге караган түнү учак кулаган Каваланын Палеохори аймагындагы окуя болгон жерден алыстап кетүүнү суранды.

Жардыруучу зат боюнча адистер тобу болсо учакта ташылган жүктүн канчалык кооптуу экенин аныктап, көрүлө турган чараларды көрүү үчүн окуя болгон жерге карай бет алышты.

Учкуч учактын кыймылдаткычы бузулганын айтып, шашылыш конууга уруксат сураган, бирок ал аэропортко жете электе кыймылдаткычы абада күйүп кетип, учак Кавалада коунуштуу аймакка жакын жерге кулап түшкөн.

Украин компаниясына таандык учак Сербиядан Иорданияга жүк алып бара жаткан.

Окуяга күбө болгондордун айтымында, учак кулагандан кийин дароо көптөгөн жарылуулардын үнү угулуп, өрт башталган.

Кырсык болгон аймакта күйгөн күйүүчү майдын жыты жана коюу түтүн байкалууда.

Сербиянын Коргоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, учактагы 8 экипаж мүчөсү каза болду.



Тектеш кабарлар