Орусиянын Украинага чабуулдары

Орусиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков, борбор шаар Москвада орус армиясынын Орусия-Украина согушундагы чабуулдары тууралуу билдирүү жасады.

1854975
Орусиянын Украинага чабуулдары

Орусия 24-февралдан бери украин армиясына таандык 247 учак жана 744 көп стволдуу ракета аткычынын жок кылынганын билдирди.

Орусиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков, борбор шаар Москвада орус армиясынын Орусия-Украина согушундагы чабуулдары тууралуу билдирүү жасады.

Украин армиясынын бардык багытта жоготууга учураганын белгилеген Конашенков, Николаев шаарындагы кеме куруучу заводдо 350дөн ашуун украин аскери, 20 аскердик техника, 10 даана «2S1 Гвоздика» моторлуу пушка жана 10дон ашык атайын аскердик унаалар жогорку тактыктагы куралдар менен аткыланганын айтты.

Борбор шаар Киевден Харьков аймагына жөнөтүлгөн диверсия жана чалгын тобунун жок кылынганын белгилеген Конашенков : «Топтогу аскерлерден 5и жок кылынып, 10у болсо туткунга алынды»,-деди. 

Конашенков акыркы 24 сааттын ичинде Николайев облусунда 2 штаб, Северкс шаарына жакын жердеги ок-дары сакталган кампа жана Запорожье облусунда 7 бронетехниканын жок кылынганын белгилеп: "Акыркы 24 саатта 11 штаб, украин аскерлеринин турумдары жана аскердик техникасы Орусиянын абадан согуштук тактикалык бөлүктөрү, ракеталык жана артиллериялык бөлүктөрү тарабынан жок кылынды",-деп айтты.

Украина армиясына таандык 9 "Су-24", "Миг-29" жана 2 "Су-25" согуш тибиндеги учак менен 9 учкучсуз учуучу аппараттын атып түшүрүлгөнүнө көңүл бурган Конашенков, 5 даана "Точка-У" баллистикалык ракетасынын колго түшүрүлгөнүн кабарлады.

Конашенков: "Бүгүнкү күнгө чейин Украинага таандык 247 учак, 137 тик учак, 1522 учкучсуз учуучу аппарат, 354 абадан коргонуу ракеталык системасы, 4 миң 50 танк жана бронетехника, 744 көп стволдуу ракета аткычтар, 3 миң 145 гаубица жана минометтор, 4 миң 192 аскердик техникалар жок кылынды»,-деп билдирди. 



Тектеш кабарлар