Маймыл чечек вирусунун жайылышы уланып жатат

ДССУнун башкы директору доктор Тедрос Аданом Гебреисус уюмдун Женевадагы башкы кеңсесинде өткөргөн маалымат жыйында маймыл чечеги эпидемиясындагы акыркы абалга баа берди.

1854945
Маймыл чечек вирусунун жайылышы уланып жатат

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) дүйнө жүзү боюнча маймыл чечек вирусунун жайылышы уланып, ооругандардын саны 10 миңге жакындап калганын билдирди.

ДССУнун башкы директору доктор Тедрос Аданом Гебреисус уюмдун Женевадагы башкы кеңсесинде өткөргөн маалымат жыйында маймыл чечеги эпидемиясындагы акыркы абалга баа берди.

Гебреисус, вирус эндемикалык жана эндемикалык эмес 63 өлкөдө жалпысынан 9200 учурду аныктагандарын белгилеп, каза тапкандардын санында эч кандай өзгөрүү болбогонун кабарлады.

Вируска байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыялоо ыктымалдуулугу жөнүндө Гебреисус: «Маймыл чечеги оорусуна чалдыгуу тенденциясына жана вируска каршы күрөшүү ыкмаларынын натыйжалуулугуна баа берүү үчүн кийинки аптада чукул комиссия чогулат. Өлкөлөргө бул эпидемия менен кантип күрөшүү керектиги боюнча кеңештер берилет»,- деди.

ДССУнун маймыл чечекке каршы вакциналардын иштелип чыгышы жана таратылышы темасында тиешелүү өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү баштаганын баса белгилеген Гебреисус : «ДССУ катары эпидемия боюнча мындан аркы изилдөөлөр үчүн ар кайсы өлкөлөр жана адистер менен сүйлөшүүлөрдү улантып жатабыз»,-деп маалымдады.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму, маймыл чечек оорусу боюнча 7-июлдагы баяндамасында вирустан 3 адамдын каза болгонун жарыялаган.



Тектеш кабарлар