Абэ Синдзо үчүн жаназа зыйнаты өткөрүлдү
Жаназа унаасы өткөн жолдо катуу коопсуздук чаралар көрүлүп, жол жээгинде чогулган миңдеген киши колдорунда гүлдөр менен Абэни акыркы сапарына узатылды.
Япониянын борбору Токиодо 8-июлдагы шайлоо өнөктүгү маалында куралдуу кол салуудан каза болгон мурдагы премьер-министр Абэ Синдзонун жаназа зыйнаты өттү.
Токионун борборундагы Зоджо-Джи буддист храмында аз сандагы киши менен өткөрүлгөн жаназа зыйнатына үй-бүлө мүчөлөрүнөн тышкары премьер-министр Фумио Кишида жана депутаттар катышты.
Жаназа зыйнатынан кийин Абэни ташыган жаназа унасы премьер - министрлик кеңсе, парламенттик имарат жана Абэнин партиясы Либерал демократиялык партиянын имаратынын алдынан өттү.
Жаназа унаасы өткөн жолдо катуу коопсуздук чаралар көрүлүп, жол жээгинде чогулган миңдеген киши колдорунда гүлдөр менен Абэни акыркы сапарына узатты.
Япониянын мурдагы премьер-министри Абэ 8-июлда өлкөнүн Нара шаарында Либерал демократиялык партиянын талапкерин шайлоо өнөктүгүн колдоо боюнча ачык иш-чарада сүйлөп жаткан учурда көкүрөгүнө ок тийген.
Япониянын мамлекеттик телеканалы NHK кол салуудан кийин оор жаракат алып ооруканага жеткирилген Абэнин каза болгонун жарыялаган.