Нигерияда оодарылып кеткен кеме

Оодарылып кеткен кемедеги издөө-куткаруу иштери учурунда дагы 15 кишинин сөөгүнүн табылганы кабарланды.

1854309
Нигерияда оодарылып кеткен кеме

Нигериянын Лагос аймагында жүргүнчү ташыган кеменин оодарылып кетишинин себебинен каза болгондордун саны 17ге жетти.

Улуттук өзгөчө кырдаалдар агенттигинин (NEMA) Лагос координатору Ибрахим Фаринлое, 8-июлда Лагос облусунун Ожо аймагына жакын жердеги Икороду дарыясында оодарылып кеткен кемедеги издөө-куткаруу иштери учурунда дагы 15 кишинин сөөгүнүн табылганын айтты.

Ушундайча кырсыктан каза болгондордун саны 17ге жетти.

Кырсыкта дагы бир канча кишинин дайынсыз экенин белгилеген Фаринлое, издөө-куткаруу иштеринин уланып жатканын билдирди.



Тектеш кабарлар