Зеленский элчилерди кызматтан бошотту
Кызматтан алуу президент Зеленскийдин чечими менен жасалганы айтылды.
1854221
Украинанын президенти Владимир Зеленский кечээ президенттин жарлыгы менен Германия, Норвегия жана Индия баш болгон бир катар элчилерди кызматтан алды.
Украинанын мамлекеттик президенттик кеңсесинин кечээки билдирүүсүндө, Украинанын Германия, Венгрия, Норвегия, Индия, Мальдив аралдары, Непал, Шри-Ланка, Бангладеш жана Чехиядагы «элчилери» кызматтан алынганы жарыяланды.
Кызматтан алуу президент Зеленскийдин чечими менен жасалганы айтылды.
Украинанын расмий билдирүүсүндө: «Бул ротация дипломатиялык практиканын кадыресе көрүнүшү», - деп айтылат.
Тектеш кабарлар
Болгарияда 9 - майда шайлоо болот
Түрк тектүү Болгария жарандары бере турган добуштар да өлкөнүн келечеги үчүн маанилүү.