Украинада Орусия басып алган шаарларда орус билим берүү системасы киргизилди

Орусиянын билим берүү министри Сергей Кравцов бүгүн Украинанын Запорожье облусунун басып алынган Мелитополь шаарына барып, маанилүү билдирүүлөрдү жасады.

1854216
Украинада Орусия басып алган шаарларда орус билим берүү системасы киргизилди

Орусия Украинада басып алган Херсон, Запорожье жана Мариуполь шаарларында орусиялык билим берүү системасы кабыл алынууда.

Орусиянын билим берүү министри Сергей Кравцов бүгүн Украинанын Запорожье облусунун басып алынган Мелитополь шаарына барып, маанилүү билдирүүлөрдү жасады.

Кравцов Украинада Орусия басып алган шаарларда окуучулардын орус билим берүү программасына ылайык билим ала турганын, бирок украиналык студенттердин ыктыярдуу түрдө украин тилинде билим ала ала турганын айттып:"Украин тилине эч ким тыюу салбайт. Украин тили эне тил бойдон калууда. Украин тилинде билим алгысы келген балдар үчүн белгилүү сааттар белгиленет. Бул тууралуу буга чейин да көп жолу айтканбыз. Боордош элдерде жалпы тилдер көп. Биздин тил. Тамырлары бир. Украин тили абдан бай тил",-деди.

Каратылган шаарларда билимин уланткан студенттердин орус дипломун ала турганын белгилеген Кравцов:«Бошотулган аймактардагы мектептерде жана окуу жайларда Орусия мамлекетинин Ардак грамоталары ыйгарылат",-деп айтты.

Орусия мурда Украинада басып алган шаарларда орусиялык телерадио станциялары орус армиясы тарабынан түзүлгөн.

Басып алынган шаарларда орус системалары менен интеграциянын алкагында билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык тармактарда даярдыктардын жай мезгили бою улана турганы жарыяланды.



Тектеш кабарлар