Синдзо Абэ каза болду

Абэ жеткирилген ооруканада көз жумду.

1853788
Синдзо Абэ каза болду

Япониянын мурунку премьер-министри Абэ Синдзо, Нара шаарында дуушар болгон куралдуу кол салуунун айынан каза тапты.

Япониянын мамлекеттик телеканалы NHKнын кабарына караганда, шаарда Либерал-демократиялык партиянын талапкеринин шайлоо өнөктүгүн колдоп сөз сүйлөп жатканда көкүрөгүнө ок тийген Абэ жеткирилген ооруканада көз жумду.

Кол салууну колго жасалган эки ооздуу курал менен ишке ашырганы белгиленген 41 жаштагы кол салуучу Ямагами Тецуянын Деңиз күчтөрүнүн мурунку мүчөсү экени кабарланды.

Синдзого жасалган кол салууга байланыштуу премьер-министр Кишида Фумио: «Демократиянын пайдубалы болгон шайлоолор алдында жасалган бул мыкаачылык кол салуу кабыл алынгыс. Кол салууну эң катуу түрдө айыптаймын»,-деди.

Оппозициялык партиялар болсо митингдерин кийинкиге жылдырышканын жарыялашты.

2012-2020-жылдары Премьер-министрлик кызматты аркалаган Абэ өлкөнүн эң узак кызмат кылган премьер-министри болгон.

Абэ ден соолугуна байланыштуу эки жыл мурун кызматынан кеткен болчу.



Тектеш кабарлар