Мармолада дөңсөөсүндө муз массасынын кулашы менен каза болгондордун саны 10го жетти

Фугатти издөө иштеринин бүгүн кургактыктан жана абадан улантыла  турганын айтты.

1853823
Мармолада дөңсөөсүндө муз массасынын кулашы менен каза болгондордун саны 10го жетти

Альп тоолорунун Италия тарабындагы Мармолада дөңсөөсүндө муз массасынын ажырашы  менен каза болгондордун саны 10го жетти. 

Мармолада дөңсөөсү жайгашкан Тренто автономиялуу аймагынын башкаруучусу Маурицио Фугатти издөө иштери учурунда дагы бир адамдын жансыз денесинин табылганын жана ушундайча  жекшемби күнү болгон апаатта каза болгондордун саны 10ге жеткендигин билдирди. 

Фугатти издөө иштеринин бүгүн кургактыктан жана абадан улантыла  турганын айтты.

Италия басылмалары да кырсык учурунда жоголгон жана эмдигиче табыла албаган 1 адам бар экенин  жазды.

Венето аймагынын башкаруучусу Лука Зайа да апаатта каза болгондордун саны  жоголгон 1 адам менен 11 болоорун белгилеп, мунун апааттын дээрлик так балансы экенин белгиледи.

Ошол эле учурда  каза болгон 10 кишинин 6сунун өздүгү такталып, 4сүнн Италия, 2снүн  Чехия жараны экени белгиленди.

Өлкөнүн түндүк-чыгышынан өткөн Альп тоосунун Мармолада чокусунда 3-июлда муз катмары ажырап кулап түшкөн.

 

 



Тектеш кабарлар